super.kg logo

"Шаарда велосипед тепкендердин велосипеди убактылуу алынат". Комендант шаар тургундарына кайрылды

 

Бүгүн, 20-апрелде Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев шаардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.

"Бүгүн эртең менен шаарда адамдар аз санда жүрүп калганын байкадым. Анткени эскертүү иш-чаралары өтүп, шаардын жашоочулар менен сүйлөшкөндөн кийин, ушундай жакшы жыйынтыкка келдик деп ойлойм. Ошентсе да күн жылыган сайын көчөлөрдө, сейил бактарда балдар ата-энеси менен сейилдеп, велосипед тээп жүргөндөрү байкалууда.

Ата-энелерге кайрылат элем, балдарыңарга акыл-насаат айтып, аларга өзгөчө абал жөнүндө түшүндүрүп, колдон келишинче үйдө отуруңуздар. Кимде ким велосипед менен өзгөчө абалдын талаптарын аткарбай жана санитардык норманы сактабай көчөдө жүрсө, велосипеди убактылуу алынат", - деди комендант.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
21.04.2020. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Велосипеди силерге эмне кылып жатат?көргөндүкү ХХХХХ болуп өзбектер деле токтотуптур,биз деле токтотолу дедиңерби велосипедти?өкмөт качан гана бир пендеге жага турган иш жасайсыңар а?
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-21 12:04:17
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: