Комендант: "Ош облусунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары кескин азайды"
Ош облусунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары кескин азайды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйында билдирди.
"Коменданттык саат киргенден баштап Ош облусу боюнча 56, Ош шаарында 9 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталды. Бирок зомбулук фактылары былтыркы жылга салыштырмалуу 14 учурга азайды.
Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча биз жер-жерлердеги аймактык тескөөчүлөргө жана айыл башчыларына кайрылып турабыз. Бирок андай учурлар аз болуп жатканы байкалууда", - деди комендант.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.