super.kg logo

Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты: "Дааватты чектөө боюнча мыйзамга сунуштама берип жатабыз"

 

Бүгүн, 20-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев онлайн маалымат жыйын берди.

Анда комендантка дааватка барып келгендер коронавирус жуктуруп келишти деген сөздөр айтылууда. Бул канчалык чындык деген суроо берилди.

"Дааватчылардын арасынан коронавирус менен ооруган 5 жаран бар. Пакистандан келген 1 жаран, Индиядан келген 2, өлкө ичине дааватка чыккан 2 жаран. Биз аныктаганыбыз боюнча 340 адам Нарындан башка облустарга дааватка барып келген. Ал эми 480 адам биздин облуска дааватка келген. Умрага 37 адам барып кайткан. Ал эми 4 айлык дааватка 31 адам башка өлкөгө барып келген.

Азыр бул боюнча мыйзамга чектөө киргизүү боюнча сунуш берип жатабыз. Учурда үй-бүлөсүн карабай дааватка кетип калгандар дагы бар экен. Биз азыр ошондой үй-бүлөлөрдү көрүп, текшерип жатабыз. Дааватка барып келгендерди текшерүү жагын дагы көзөмөлдөп жатабыз", - деди комендат Аалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: