super.kg logo

Нарындагы блокпостто милиция кызматкери менен чырдаша кеткен тургундун окуясы боюнча комендантура билдирүү таратты

 

Бүгүн, 20-апрелде социалдык тармактарда Нарын шаарынын тургунунун кайрылуусу жарыяланган. Анда Нарын шаарында милиция кызматкерлери ага туура эмес мамиле кылышкандыгы баяндалган. Ошол себептүү Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасы окуянын чоо-жайын төмөнкүчө билдирет.

Маалыматка ылайык, ал түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууда моюн толгоп, провокация кылууга аракет жасаган.

"18-апрель күнү саат 12:00 чамасында Нарын шаарынын Ленин жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги постто "БМВ" үлгүсүндөгү унаа тиешелүү документтерди текшерүү максатында токтотулган. Бирок ал документтерин бербей, милиция кызматкерлерин жөөлөп, мыйзамдын талабына баш ийбей, унаасын айдап кетүүгө аракет кылганда аны токтотуп калышкан. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууда моюн толгоп, провокация кылууга аракет жасаган.

Ошол себептүү жогорудагы окуя боюнча топтолгон материалдар Нарын ОИИБинин электрондук журналына катталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө айдоочунун унаасы атайын токтотуучу жайга токтотулган. Айдоочуга айып пул салынып, андан кийин унаасы атайын токтотуучу жайдан чыгарып берилген. Ал эми Нарын шаарынын тургунунун кайрылуусу чындыкка дал келбей тургандыгын баса белгилейбиз",
- деп билдиришти Нарын шаары жана Ат-Башы районунун комендатурасынын басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
20.04.2020. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Албетте чындыкка дал келбейт.)))
21.04.2020. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деген адамдар, элдин коопсуздугу учун иштеп журсо ошого да каршы чыгып малдарбы.Биздин куйоолорубуз алым жерден Нарынга кеткен коменндантык тартипти сактайбыз деп,сыйласанар боло таккыр эле койлорго окшобой элдер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: