Коронавирус жуктуруп алганынан улам комада жатып көз жарган келин ооруканадан чыгарылды

Маалыматка ылайык, Американын Ванкувер шаарынын 27 жаштагы жашоочусу Сориано коронавирус жуктуруп алган. Анын абалы оор жана ал кош бойлуу болгондуктан, аны дарыгерлер жасалма дем алдыруу аппаратына кошушкан. Көп өтпөй кош бойлуу келин толготуп, дарыгерлер операциялык жол менен (кесарево сечение) төрөтүшкөн.
Жаңы төрөлгөн ымыркайга Уолтер ысымы ыйгарылган, ал апасы дарыланып чыккыча дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Андан алынган анализдер коронавирус инфекциясын жуктуруп албагандыгын аныктаган.
Сориано дарыланган оорукананын дарыгери билдиргендей, анын мисалы коронавирусту жуктуруп алган адамдарга илдеттен айыгып чыгуу, керек болсо комада жатып төрөө да мүмкүн экендигин далилдейт.
Комада жатып төрөгөн аял
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.