super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Бишкек шаарынын айдоочулары март айынын айлыгын ала албай жатканын айтып, нааразы болушууда

 

"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман Бишкек шаарынын айдоочуларынын арыз-муңу айтылган видеону жөнөттү. Анда автобус айдоочулары март айынын айлыгын ала албай жатканын билдиришкен.

"Бизге 6 дубандан бери айдоочулар келип иштеп жатышат. Айлыктын жоктугунан айрымдарынын үйүндө азык-түлүгү жок, балдары ачка отурат. Батирде жашагандарды батирлерден чыгарып жатышыптыр. Биз жетекчиликке "Эмне үчүн айлык берилбей жатат?" деп кайрылсак, шаардык мэрия акча которулбай жатат деп айтты дешти. Биз чоң нерсени деле суранбайбыз, иштеген айлыгыбызды эле төлөп берүүсүн суранабыз. Учурдагы абалды деле түшүнүп жатабыз. Бирок биз да үй-бүлө багышыбыз керек. Медицина кызматкерлерин, мэриянын, милиция кызматкерлерин ташыган биз болуп жатабыз. Бизге эртең менен медициналык бет кап, кол кап эч нерсе берилбейт. Ошонун баарын көзөмөлдөп коюшуңуздарды суранабыз", - деп кайрылышкан айдоочулар.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Автобус айдоочулары март айынын айлыгын ала албай жатышат

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.04.2020. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош обл Ноокат р-н Н Иванов айыл окмотундо алиге чейин март айынын пенсиясын берише элек экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: