super.kg logo

Владикавказда "өзүн-өзү изоляциялоо" режимине каршы 2 миң адам чогулду (видео)

 

Владикавказдын жашоочулары өзүн-өзү изоляциялоо режимине каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акцияга жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:30 чамасында 500гө жакын адам топтолуп, ал эми саат 14:00гө чейин алардын саны 2 миңге жеткен.

"Нааразычылык акциясынын катышуучулары жумушсуздуктан жана аймакта коронавирус жөнүндө маалыматтын жетишпегенинен улам топтолушкан. Күбөлөрдүн айтымында, митингге чыккан бир нече адам кармалган, алардын ичинде акциянын уюштуруучулары да бар", - деп айтылат окуя тууралуу маалымат булактарында.

Митинг башталгандан бир саат өткөндөн кийин, Түндүк Осетиянын башчысы Вячеслав Битаров нааразы болгондордун алдына чыккан. Ал тургундардан коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн үйүндө болушу керек экенин өтүнгөн. Ал эми митингдин катышуучулары Битаровдон кармалгандарды бошотууну жана анын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

Бул аймактагы өзүн-өзү изоляция режимине каршы биринчи митинг эмес. Буга чейин 6-апрелде да Түндүк Осетиянын Дигор шаарында нааразычылык акциясы өткөн.

Расмий маалыматка ылайык, Түндүк Осетия-Алания Республикасында коронавирус менен 145 адам жабыркап жатат. Өлкө аймагындагы 8 адам вирустан айыгып, 2 киши көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: