super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Абайлагыла! Пенсионерлерди алдаган шылуундар пайда болду" дейт Бишкектин тургуну

 

"Бишкекте пенсионерлерди алдап, алардан акча которуусун сураган шылуундар пайда болду" деп билдирди "Элдик кабар" бөлүмүнө 70 жаштагы И.Ш. аттуу Бишкек шаарынын тургуну.

Пенсионердин айтуусунда, бүгүн, 20-апрелде ага 07030377ХХ номуру аркылуу бейтааныш адам чалып, күйөө баласы болуп учурашып, жол кырсыгына кабылып калганын айткан.

"Ал мага чалып кымбат баалуу унааны сүзүп алганын жана 150 миң сом акча керек болуп жатканын айтты. Аты күйөө баламдын атындай жана үнү да окшош болгондуктан ишендим. Менде андай сумма жок экенин айтсам, тааныштардан сураштырып көрүүнү суранды. Өзүмдүн башымдан да унаа кырсыгы өткөндүктөн, кой кырсыкта жардам берип койбосо болбос деп тааныштарга чалып, 15 миң сом таптым. Акча табылган соң, күйөө балам деген адамга чалып, келип алып кет десем, жөө жүргөндүктөн келе албашын айтты. Акчаны кантип берсем болот деп сураганда, банкомат аркылуу которсо болот дегенде алдап жатканын шекшип, видео чалуу кылуусун сурандым. Ошондо телефондо сүйлөшүп жаткан адам МАИ кызматкерлеринин жанында турганын айтып, телефонду коюп койду.

Негизи буга чейин телефон аркылуу алдап, акча сураган адамдар тууралуу угуп эле жүргөм. Бирок мындай адамдар психолог болот экен, андыктан пенсионерлерди абайлагыла деп суранып кетем. Анткени шылуундар көбүнчө жашы өйдөлөп калган адамдарга чалат экен.

Маселенин башка тарабы да бар. Бишкектеги пенсионерлердин номуру кайсы жактан? Ким тараптан, мындай алдамчылардын колуна тийип калат? Укук коргоо органдары ушу жагын териштирсе жакшы болот эле", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.04.2020. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шумшукторго айла жок экенда, убал соопту уруп ойношпойтко ээ. Азыр эл эмне болуп атат, тапканын кор булардын, кимди алдашты да билишет экен...
21.04.2020. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда уккам бир тааныш айылдаш эжени кудум ушунтип алдап кетишкен экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: