super.kg logo

Өлкөгө Орусиядан келишимдик негизде сатып алган буудай өлкөгө жеткириле баштады

 

Орусиядан келишимдик негизде сатып алынган буудай Кыргыз өлкөсүнө жеткирилип келе баштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөгө 15 вагон – 1028 тонна буудай Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампасына түшүрүлдү.

Буга чейин Кыргыз өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду Орусиядагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

Ушул аптанын ичинде дагы 36 вагонго жүктөлгөн буудай темир жол аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилет. Ал эми калган бөлүгү май айынын аягына чейин келет.

Учурда мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү. Өкмөттүн тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар/абал режими киргенден бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 5 миң тоннадан ашык ун жана 150 тонна шекер бөлүнүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
20.04.2020. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Казактар бербей койдубу дайымкыдай кыйынчылык мезгилде булар ач калганда кыргыздар сактап калганын билишпеди казак туугандар мейли айдын 15и жарык 15и караңгы!!!
20.04.2020. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
буйруса 1айдан кийин өзүбүздөн деле буудай бышат түштүктүн мөмө жемиштери 10 күндө чыгат буйруса сатыкка
21.04.2020. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chake,жол жабык
20.04.2020. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Келгне буудайларды елге кыммбат саткыла,келген нерсени өз баасына сатса жакшыле...
20.04.2020. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баардык жагынан бизге жакын болгон Казахстан ушундай кундордо жмоттонуп койду,бекер берип жатса мейли эле.
Еаэб тин аты эле болбосо,заты ушундайда жок болуп кетти окшойт.
==
Достун дос экени кыйынчылыкта билинет.
21.04.2020. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Он беш күн чыдасак жайлоого чыгып кетебиз буйруса. Саамал ичип айран сүт ичип аты жаман ооруну жеңебиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: