super.kg logo

Кайгырып көздөн жаш тамат, кайыр кош кайран алп талант... Элмирбек Иманалиевдин өмүр баяны, маектери, ырлары

 

Төкмө акындардын төрөсү болгон акын, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиев бүгүн, 17-январда көзү тирүү болсо 43 жашка толмок.

Акын 1978-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Чоңко айылында төрөлгөн.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

3 жашында тамга тааныган болочоктогу акын кээде оюнан чыгарып "Манас" айткан. Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан. Акындын бул жоругу төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, улуу акын жаш талантты борборго алдырган.

Элмирбек Иманалиев 1993-жылы 15 жашында "Ак таңдай-1993" фестивалында баш байгени жеңип алган. Андан ары билимин жогорулатуу максатында 1992-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын эки жылдык студиясына тапшырып, аны 1994-жылы аяктап, кайра 1999-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүнө тапшырып, 2004-жылы окуусун аяктайт.

Акындын белгилүү "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы" деген ырлары кыргыз ырларын сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан. Мындан сырткары төкмө акын прозалык чыгармаларды жазып, дастан, санат ырларын аткарып келген.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ

Ак таңдай акын 1994-жылы маркум ырчы Гүлбү Ороскул кызына жолугуп, 1995-жылы үйлөнөт. Тилекке каршы, чыгармачылык табыштырган жубайлар 2 кыздуу болуп ажырашып кетишкен. Маркум Гүлбү Ороскул кызынын мурунку жолдошу Элмирбек Иманалиев тууралуу:

"Элмирбекке талантты Кудай берген. Андай талантка, өнөргө эгедер адам сөзсүз өз ордун табат, ташты жарган чөп сыяктуу өнүп чыгат. Андыктан анын мындан ары да бийиктиктерди багындыра беришине тилектешмин", - деп айткан мындан бир нече жыл мурун.

Кийин төкмө акын турмуш жолун Нурзат аттуу айымга байлаган. Алар 2 уул жана 1 кызды тарбиялап келишкен. Анын уулдары тууралуу айтканынан: "Улуу балам Эрлан мен сыяктуу комузду эч кимден үйрөнбөй эле күүлөгөндү, черткенди билип алды. Ал эми кичүү уулум Адылханды "кичинекей Элмирбек" деп эл көп айтат" дегени бар.

НААМДАРЫ

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти;

2016-жылы өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин колунан "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы менен сыйланган.

МАЕКТЕРИ

"Кудайдан жашыра албаган нерсени адамдардан жашыргым келбейт. Жүрөгүмдө болгон нерсени айтканды жакшы көрөм. Кээде селсаяктардын жашоосу кызыктырып, алар менен аралашып, отуруп калган күндөрүм болгон", - деген мектеринин биринде.

Ал эми төкмө акындын бир тууган эжеси Нурайым Иманалиеванын "Супер-Инфо" гезитиине берген маегинде иниси дайыма жума күндөрү ыйлай турганын айткан.

2007-жылы митингде ырдагандан кийин коркутуулар, аңдуулар башталганы тууралуу дагы маектеринин биринде айткан.

Элмирбек Иманалиев - "Аруузатым"

Элмирбек Иманалиев "Ай секет"


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(23)
21.04.2020. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Аттин арман кайталангыс талант эле
21.04.2020. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Жигит өлбөс болсочу...Аз жашаса да,саз жашады... Ыйманы саламат болсун. Ишене албай турам,бул жаңылыкты күткөн да эмесмин! Балгынбек м-н айтышканын көрүп олтурган элем...
21.04.2020. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Syimyk.isaev,мен да ошол айтышты суйуп коромун
21.04.2020. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Мынча эрте кетти экен атин арман өлум айтырбай келет экенда аябай ичим атышты ,Аллах бейишин бере кор
21.04.2020. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Жайы жаннатан болсун. Жакшы адамды алла таалам эрте алат экен.
21.04.2020. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Омур ушундай экен да.
Кутуусуздон алып кетти го шум ажал.
Элмирбек ага жаткан жериниз жайлуу,топурагыныз торко болсун.
Алп акын элениз.
21.04.2020. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Арты кайырлуу болсун
Жаман болуптур
Таланттуу адам болчу
Аябай сыйлачымун
21.04.2020. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кайран акын өмүр деген ушундай экен
Пендечилик экен чын дүйнөгө сапар алганыңызга эч ишене албайтамын
Тирүүлүк дүйнөдө жок болсоңуз да жүрөктө ырларыңыз менен жашай бересиз өлбөс өчпөс ырларды калтырдыңыз сиз Кыргыздын жүрөгүндө түбөлүккө жашайсыз
21.04.2020. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Журогум ыйлап турат(((
Кундо угам десем калп болуп калат, жумасына 2-3 жолу ырларын, айтыштарын угуп, коруп конулум жай алып, Москванын кыйынчылыктарын бир азга болсо да унутуп эс алып калат элем.
21.04.2020. 07:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эх аттин журогум тилинип канап кетти, апасынан айрылган кыздары эми атасынан айрылып, эй аттин дуйно, кош бол агам кош бол
21.04.2020. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Арман ай жаткан жерин жайлуу болсун!!! Коздон жашты агыздын го...
21.04.2020. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ПЕНДЕЛЕР МАРШЫ

Мезгилдин агымында калдалактап,
Мен да, сен да, ал дагы карбаластап,
Агып бара жатабыз кайда, кайдаа...
Асыл, асыл күндөрдү чаңга таштап.

Көр тирлик эй, көргө көр жетеленип,
Көрө албастык, ач көздүк, текеберлик,
Көмкөрүлүп турса да үстүбүздө
Көрбөй койдук, көрмөксөн кете бердик.

Жалганынан чындыгын айрый алгыс,
Оо не деген өмүрсүң, кайрый алгыс?!
Ийинибиз тийишип турган менен
Иңир соруп ба
21.04.2020. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу болсун. Ыйманы саламат болсун.Кайталангыс таланттардын бири болчу. Калгандарынын өмүрүн берсин.
21.04.2020. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кош Элмирбек кудайым бейишинен орун берсин
21.04.2020. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайым бейиштен орун берсин, сурактарын жеңил кылсын. Жакындарына сабырдуулук берсин.
21.04.2020. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жайы жанаттан болсун.
21.04.2020. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Капырай журогум канап атат. Ушундай оор кундо бизди таштап кеткенин кара. Карантинге карабай эл уулун эл уулундай комушсо экен. Желек тушурулуп, олко боюнча аза кутуу куну деп жарыяласа да болот. Ошого татыктуу инсан!
21.04.2020. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишене албай турам ((((Аллахым жайын жаннаттан берсин
21.04.2020. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы адамдар олбой эле койсочу...
21.04.2020. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эх Гулбунун артынан эле кеттинби? Ишене албай турам.
21.04.2020. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жаннаттан болсун аминь
21.04.2020. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тенирим жаткан жерин жайлуу кылсын.
21.04.2020. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жаткан жери жайлуу болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: