super.kg logo

"Ала-Тоо" аянтына 15 миң даана гүлдөн саат жасалууда

 

Бишкек шаарын жаз-жай мезгилдерине карата көрктөндүрүү иштери улантылып жатканын мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, ушул тапта "Ала-Тоо" аянтына жылдагыдай гүлдөн куралган саат орнотулуп жатат. Бул сааттан аянтка келгендер чын эле убакыттын канча болгонун көрө алышат. Ал тогуз түрдүү 15 миң даана гүлдөн жасалып жатат.

"Бул композицияны жасоого "Тазалык" кызматынын 27 жумушчусу иштеп жатат. Агератум, сальвия, тагетис, алиссум, колиус жана башка гүлдөрдүн түрлөрү отургузулууда", - деп жазылат мэриянын билдирүүсүндө.

Шаардын башка жайларында да көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Жоогазындардан кийин алардын ордуна жана жалпы эле шаарды көрктөндүрүүгө бул жылы 18 түрдүү миллиондон ашык гүлдөр отургузулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
21.04.2020. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Карантинде уйдо отурбайсынарбы гул экпей, же силерге вирус жукпайбы.
21.04.2020. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Азыр гул эге турган маалбы туугандар,кичине ойлонуп иш кылбайсынарбы,ушуга кетирген акчаны президент кыйналгандарга болбойбу жардам бербейби бул жакта адамдар ачка жатса тамак ашы продуктусу жок булар мынтип гулго акча кетирип жатышат акмактар башы жок эшектер колуман келгенде баарын иштен алып салмакмын.
21.04.2020. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун гулдор экен. Гулдорду коп остургуло.
21.04.2020. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асмандан тартвлганы жокпу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: