Коронавирустан улам мекенине кайта албай калган туристтер 1 ай үңкүрдө жашаган
Индияда 6 турист мекенине кете албай, акчасы жоктугунан 1 ай үңкүрдө жашап келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 24-март күнү Франция, АКШ, Украина, Түркия жана Непалдан келген 6 турист каражаттарын үнөмдөө максатында мейманканадан чыгып, үңкүргө жайгашкан. Калган акчаларына тамак-аш алып, ошону менен 1 ай жашап келишкен. Аларды Ришикеш шаарынан алыс эмес үңкүрдөн полиция кызматкерлери табышкан. Туристтер авиакаттамдар жабылганына байланыштуу өлкөдөн чыгып кете алышпаганын жана акчалары түгөнгөнүн айтышкан. Полициянын инспектору Раджендра Сингха Катхайтанын билдиришинче, 6 туристте тең коронавирустун белгилери жок болгонуна карабай, алыскы аймакка 2 апталык карантинге жөнөтүлүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.