super.kg logo

Чет өлкөдөн келе албай жаткан кыргыздарга жардам берүү үчүн элчиликтерге канча каражат бөлүнгөнү айтылды

 

Чет өлкөдөн келе албай калган жарандарга жардам берүү үчүн тийиштүү кызматтарга каражат бөлүнүп берилди. Тагыраагы, Орусия жана Бириккен Араб Эмирликтериндеги Кыргыз өлкөсүнүн элчиликтерине акча бөлүнгөн. Мындай маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Учурда мекенине кайта албай жаткан чет өлкөдөгү мекендештерди колдоого алуу, алардын жашоосу үчүн убактылуу шарттарды түзүү, тамак-аш менен камсыздоо максатында Кыргыз өлкөсүнүн Бириккен Араб Эмирлигиндеги элчилигине 5 миллион сом, ал эми Орусиядагы элчиликке 10 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат жашоосунан жана тамак-аштан кыйналып турган кыргыздарга жардам берүүгө багытталды. Биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөр мекендештер туш болгон маселелерди чечүүнүн үстүндө иштеп жатат", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Ошондой эле Кубатбек Боронов тийиштүү кызматтар өз өмүрүн кыюу жана үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу жаатындагы иштерге көңүл бурушу керектигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
21.04.2020. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элчилике дагы жетпей жолдо жок болуп кете турган акчаго
21.04.2020. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сауд арабия менен россиядагы мигрантардын саны айырма ото чон болсо керек, неге россияга 10миллион эле болунот?
21.04.2020. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бириккен Араб Эмиратка болунгон 5 миллионду Россиядагыларга эле кошуп берип койсонор болмок да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: