Ошто өзгөчө абал киргенден бери канча эреже бузуу катталды? Коменданттын жообу
Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда өзгөчө абал киргенден бери коменданттык саатты 404 жаран бузган. Бул тууралуу онлайн жыйын учурунда Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымында, 25-марттан бери 56 автоунаа айып короого киргизилген. Ошондой эле өзгөчө абалдын режимин бузган жана жасалма өткөрмө кагаздары менен жүргөн 50 учур катталган.
"Жалпы 25-марттан бери 50 кылмыш катталды. Анын ичинде жасалма пропуск, аты-жөнүн аныктоочу документи жок жүргөн жарандар бар. Жалпы коменданттык саат эрежесин бузган 404 жаран райондук ички иштер бөлүмдөрүнө алып келинип, тийиштүү чаралар көрүлдү. Ошол эле учурда 56 автоунаа айып короого киргизилди", - деди комендант.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
BarsBaatyr

21.04.2020. 13:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээ Араванскийден Фрунзеге азык-түлүкө баратсам тосуп алышып машина менен жүрүүгө болбойт, дүкөнгө жөө барыңыз дешет. Эки км жерге дүкөнгө жөө барышым керек экен. Ден-соолук чың болсо бир жөн, бүтүм ооруганын машине менен барган элем. Эмне, адамдарды шылдыңдаганыңарбы?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.