super.kg logo

Артыкчылык карыларга, аялдарга, балдарга берилет. Түркияда калган мекендештерди алып келүү үчүн чартердик каттам уюштурулууда

 

Туркияда калган мекендештерди алып келүү үчүн 24-апрелге Стамбул-Бишкек чартердик аба каттамы уюштуруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрүнүн макулдашууларынын натыйжасында 24-апрелде Стамбул-Бишкек багыты боюнча чартердик каттам уюштуруу пландалууда. Биринчи кезекте артыкчылык улуу муундагы жарандарга, балдарга, аялдарга, ошондой эле саламаттыгынан көйгөйлөрү бар жактарга берилет.
Учурда Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы чет элдик мекемелери тарабынан кыргыздардын Түркиянын шаарларынан Стамбулга келиши үчүн жергиликтүү бийликтерден уруксат алуу маселеси иштелип жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: