Башы токтобой ооруй берген. АКШда 5 жаштагы кыз коронавирустан көз жумду
АКШда 5 жаштагы кыз коронавирус илдетинин күчөп кетишинин сейрек кездешүүчү түрүнөн каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, 1 ай мурун Скайлер Херберт аттуу кыз ата-энесине башы ооруп жатканын айткан. Дарыгер кызга антибиотик берип үйүнө жөнөткөн. Бирок Хербеттин башы оорусу токтогон эмес. Кайрадан ооруканага барганда кыздан коронавируска анализ алышкан. Жыйынтыгында ал коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
"Скайлер Херберт дарыланып үйүнө чыгарылган, бирок башынын ооруганы басылган эмес. Дарыгерлер изилдөө жүргүзүп кызда коронавирус үчүн сейрек болгон менингоэнцефалит өрчүп кеткенин айтышкан. Бул мээге кан куюлуп кетишине алып келген", - деп жазылат маалыматта.
Скайлер Херберт 2 апта жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан. Дарыгерлер анын баш мээси өлгөнүн айтканда ата-энеси аны аппараттан өчүрүү чечимин кабыл алышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:29
2025-11-06
15:17
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(5)
rola
21.04.2020. 15:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тооба кылдык,кудай сактасын.
Shekeev969798
21.04.2020. 15:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Журок орудан олсо деле, башы оруп олсо деле коронага шылтай бергишет турбайбы эми билдим
Kuban-1207
21.04.2020. 16:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Шылтоо
KOCMOC
21.04.2020. 17:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kuban-1207, тообо де. Вирус жуктурганында айт шылтоонду.
nurhan2702
21.04.2020. 18:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш жаштагы кыз,балапан бойдон кетиптир. Кандай гана окунучтуу. Ата-энесинин куйуту оор болуп аткандыр. Кудай сактасын
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















