super.kg logo

Ат-Башыда 14 күнгө карантинге алынган 26 жаштагы тургун мас абалында унаа башкарып, жол кырсыгына кабылды

 

Нарын облусунун Ат-Башы айылынын 26 жаштагы тургуну 14 күндүк карантинге алынган. Бирок ал эрежеге баш ийбей, мас абалында унаа башкарып, кырсыкка учурады. Бул тууралуу Нарын шаары жана Ат-Башы районунун комендантурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-апрель күнү саат 20:25 чамасында Ат-Башы айылынын тургуну 102 кызматына үйүнүн коругун КамАЗ үлгүсүндөгү унаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткендигин билдирген. Аталган билдирүү боюнча Ат-Башы РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, төмөндөгүлөрдү аныктаган.

Ат-Башы айылынын 1994-жылы туулган тургуну К.у. Ж. өзүнүн башкаруусундагы КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын мас абалында башкарып бара жатып, кошунасынын үйүнүн коругун сүзгөн. Айдоочу ошону менен токтоп калбастан, унааны башкарууну уланткан. Ал Ат-Башы айылын аралап жүрүп, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, Ат-Башы, Ак-Жар айылдарынын ортосундагы өткөрмө постунун цемент тосмосун сүзүп, жол кырсыгына кабылган.

"Айдоочу 13-апрелде 14 күндүк үй карантинге алынган. Карантиндин шартын бузбоо, үйдөн чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өз колунан тил кат алгам. Эми ал эрежени бузганы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартып берүүңүздөрдү сурайм деген арыз менен Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медициналык борборуна караштуу 2-мобилдүү топтун башчысы кайрылган. Бул факты Ат-Башы РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми мас абалында жол эрежесин бузгандыгы жана унаа башкаргандыгы боюнча протокол толтурулуп, 17 миң 500 сом айып пул салынды", - деди басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.04.2020. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Базаркоргондо жер кыймылдады
21.04.2020. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuyoo_bala,КамАЗ оор да.
21.04.2020. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үй карантининде деп жатасыздар, бирок алар толук эрежени сакташпай жатышатго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: