super.kg logo

Новосибирск-Бишкек каттам чыры: "Качан уча турганыбыз боюнча жооп болбой жатат" дейт Кыргыз жараны

 

Новосибирск-Бишкек каттамы бүгүн, 21-апрелде учат деген маалыматтар айтылып, бирок ал тастыкталган эмес. Азыркы тапта ал жактагы жарандар учак маселеси качан чечилет деп күтүп жаткан чагы. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнө келе албай жаткан Каныбек Кадыр уулу билдирди.

Анын айтымында, жооп күтүп жатышканына толук бир ай болгон.

"21-апрелде учак болот деген күбүр-шыбырлар айтылып жаткан. Бирок расмий ушул күнү учасыңар деп айтышкан эмес. Азыркы убакта хостелде турабыз. Угушубузга караганда хостелде акыркы күн экен, мындан ары жатакана үчүн каржыланбай турганы айтылып жатат. Бирок расмий маалымат боло элек. Ал эми учактын учуусу боюнча сүйлөшүп жатабыз деп айтылганы менен анык жообу айтыла элек. Бул жакта кезерип жатканыбызга толук бүгүн 1 ай болду", - деди Каныбек Кадыр уулу.

Ал эми элчилик менен байланышканыбызда мекеме төмөнкүдөй маалымат берди.

"21-апрелде учак учат деп эч кандай маалымат айтылган эмес. Болгону сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы жана бул апта учак боло турганы айтылган. Азыркы тапта маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди мекеме өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.04.2020. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ай туугандар кыйын болду, Кыргызстанга да келесинер бирок акчанар тугонгондо кайра Россияга кетебиз жол ачып бергиле деп дагы бир кыйкырып чыгасынар, коросунор го. Эми Россия 1-2 жыл башка олкодон адам киргизбейт.
21.04.2020. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Майда учасынар, так што эч кам санабай жатып тургула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: