Дүйнөдө мунайзат өтпөй калды. Сатуучулар үстүнө акча кошуп беришүүдө
21-апрелге караган түнү "West Texas Intermediate" (WTI) маркасындагы мунайдын биржадагы баасы тарыхта биринчи жолу нөлдөн ылдыйды көздөй түшүп, төмөндөп кетти. Адегенде бир баррели 0,01 доллардан да төмөн түшкөн. Мындан улам WTI маркасындагы мунайды сатып алгандарга өндүрүшчүлөр үстүнө акча кошуп, тагыраагы бир баррелине 40 долларга чейин кошуп беришүүдө. Себеби баа арзандап отуруп, баррелине -40 доллар болуп калган.
Мындай аракеттер менен мунай өндүрүүчүлөр май айына камдап койгон товарды сатып түгөтүүгө аракет кылышууда. Дүйнө жүзүн каптаган падемиядан улам мунайга болгон суроо-талап азайып, өндүрүлгөн товар мунай сактоочу жайларга батпай калуу коркунучу жаралган. Ошон үчүн да сатып алуучулар мунайды алып кетиши үчүн өндүрүшчүлөр аларга керек болсо, үстүнө акча кошуп берүүгө даяр болушууда.
Серепчилер ири өлкөлөрдө эпидемия аягына чыкканга чейин мунайдын баасы арзандай берерин айтып жатышат. Өз учурунда мындай жагдай доллардын курсунун жогорулашына алып келүүдө. Бүгүн Орусияда түшкү убакытта 1 доллардын баасы 1 рубль 50 тыйынга дейре кымбаттап, 77 рублга чейин көтөрүлдү. Ал эми мындай абал көбүнесе Кыргыз өлкөсүнө да таасирин берет.

бирок акырында тыйынды да алды.эсептегенге да убакыт тапты.
Эмне Заправщиктер копконбу??
Эми түшүнбөгөндөр үчүн жалпак тил менен.
Нефть ар дайым чыгып турат, булак сыяктуу. Дүйнөдө нефть сатып алуучулар бар болгон үчүн буга чейин резервуардын жч кимге керекги жок болчу, почти.
Эми самолет, авто, заводдор токтоп калганда нефть эч кимге керекги жок боөуп калды. Ал эмес С. Аравия танкерлерге жүктөп коюп, каякка кетиришин билбей турган чагы. Ошондуктан өндүрүүчүлөр алам дегендерге 40$ подарка