Англияда 323 килограммдык жигит 209 килограммга арыктап, операция жасаткан ооруканага жумушка орношту

Англиянын Дерби шаарында жашаган 323 килограмм салмактагы тургуну 209 килограммга арыктап, ага операция жасаган ооруканага жумушка орношкон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
38 жаштагы Пол Стивенсон апасы каза болгондон кийин өзүн таштап салып, 323 килограммга чейин толуп кеткен. 2016-жылы ага операция жасалып, ашказаны кичирейтилген. Ага кошумча дарыгерлер Стивенсонго диета жазып берип, спорт менен машыгуу керектигин эскертишкен. Эреженин баарын сактаган ал 209 килограмм таштап, 114 килограмм салмакка ээ болгон. Ал эми салаңдап калган ашыкча терисин операция жолу менен алып салышкан.
Стивенсон операция жасаткан оорукананын хирургдарына ыраазычылык кылуу максатында дарыгерлерге жардамчы болуп жумушка орношкон. "Бул менин 15 жыл аралыгындагы алгачкы жумушум. Буга чейин мен аябай толук болуп, жумушта иштейм деген ой түшкө кирбеген кыял болчу. Мага жаңы жашоо берген оорукананын кызматкерлерине колумдан келген нерсени кылам деп сөз берчүмүн", - дейт Стивенсон.
Учурда ал оорукананын бардык бөлүмдөгү дарыгерлерине жардамдашып келет. Бир нөөмөт учурунда 34 миң кадамга чейин басарын айтат.




1 |