super.kg logo

"Бир ай бою бейтаптын өмүрү менен алыштык". Дарыгер Ноокатта коронавирустан сакайган бейтапты кантип дарылашканын айтып берди

 

Ноокат райондук аймактык ооруканага оор абалда түшкөн бейтап 1 айлык дарылоодон кийин коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 20-апрель күнү Ноокат аймактык бейтапканага оор абалда коронавирус менен ооруп түшкөн бейтапты айыктырып, ооруканадан чыгарышты. Медициналык кызматкерлер 1 ай бою анын жашоосу үчүн күрөшүп келишти. Ноокат аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Дилшат Мамажановдун айтымында, коронавирусту дарылоо 4 этапта жүргөн.

"Бейтап бизге оор абалда түшкөн. Дем алуусу начарлап, дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп келген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев, инфекционист Айнура Кутманова жана реаниматологдор менен консилиум кылып, дарылоого кириштик. Бейтапка аба жетпей калгандыктан, 6 концентраторго коштук. Организмди аба менен камсыздап турдук. Андан соң мүнөтүнө 30 литрдей аба менен камсыз кылган бочкадагы суюк абаны коштук. Бейтаптын дем алуусу жеңилдей түштү. Андан соң антибиотиктерди берип баштадык. Оорунун оорлугунан боор, бөйрөктөрү жарактан чыгып, кан басымы көтөрүлүп баштады. Бул вирус организмдин баарын өлтүрөт. Ал бардык органдарга кедергисин тийгизди. Антибиотиктер менен бирге вируска каршы дарылар да берилип жатты. Дарыгерлердин профессионалдуулугу менен бейтапты оор абалдан алып чыгып, ооруканадан чыгардык. Эми ал 14 күндүн үй карантининде болмокчу", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
21.04.2020. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Врачтарга боорум ачып кетти .Антейин десең ооругандарга кыйын.Эмнеси болсо да бул күндөр тез эле артта калса экен
21.04.2020. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер кж силер да азыраак алдагылачы 20 апрель бугун болуп атат го 1 ай мурун март болчу кана факттар ооруп айыгып чыкты деген
21.04.2020. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
tilek121277,Ушу апрел бутпой койдуго.Бир 33 апрел болуп кетет кайра 27-нен 15не кетип калат.Супер дагы майдаланбай 30 кун кошуп бердиго апрелге
21.04.2020. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bars88, 20-апрель күнү ооруканадан чыгарылып жатат, ал эми дарылоо 1 ай бою жүргөн. Текстти жакшылап окуңуз.
21.04.2020. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
tilek121277,okuganyna tushunbogondon kiyin sindabay ele koygulachy
21.04.2020. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
tilek121277, 20-апрель күнү ооруканадан чыгарылып жатат, ал эми дарылоо 1 ай бою жүргөн. Текстти жакшылап окуңуз.
21.04.2020. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tilek121277, биринчиден, бүгүн 20-апрель эмес, 21-апрель. Экинчиден, бейтап кечээ, 20-апрель чыгарылып жатат. Бир ай мурун, демек, март айында ооруканага бейтап келип түшкөн. Ошондон бери дарыланып, эми апрелдин 20сында чыгып жатат. Түшүнүктүү болдубу?
21.04.2020. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен азыр май айы экен депмин, бир ай бою дегенди окуп
21.04.2020. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир ай эмес бир кундо айыгып чыккан го анда
21.04.2020. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
elyadayan,tushunboson kata tappayle koychu
21.04.2020. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Врачтарга куч кубат берсин Кудайым, баарыбызга ден соолук берсин Кудайым озу сактасын
21.04.2020. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыгып кетсин жакшы болуп медиктерге алкыш
zhykyo түзөттү 2020-04-21 22:01:03
21.04.2020. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhykyo, 20-апрель күнү ооруканадан чыгарылып жатат, ал эми дарылоо 1 ай бою жүргөн. Текстти жакшылап окуңуз.
21.04.2020. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эльвира Караева,аа ооба ооба чала окуп туруп эле жазыптырмын туура эле жазылыптыр
22.04.2020. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
zhykyo,кечирим сурап кой бүгүн эртең
21.04.2020. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
20сыда ооруп тушсо, 1кундо айыгыптырда.
21.04.2020. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
adoi, айланайын окурман, текстти толук окуп, анан пикир жазыңызчы(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: