super.kg logo

Коронавирустан тажадыңызбы? Сары-Челек коругунун өзгөчө кооз жазгы көрүнүшү (фото)

 

Биринчи байчечекей Сары-Челек мамлекеттик жаратылыш коругунда гүлдөдү. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда Сары-Челек коругунун аймагында сары байчечекейден тышкары, койчунун баштыгы жана ирис гүлү гүлдөдү. Бул сейрек кездешүүчү уникалдуу гүлдөр таштак жерлерде өсөт жана жыл сайын кар эригенден кийин суктандырган кооз бүчүрлөрүн биринчилерден болуп ачат. Бул жаз гүлдөрүнүн гүлдөө мезгили бир аптага гана созулат.

Чындыгында коруктун кооздугу - Сары-Челек көлү, анын узундугу 7,5 чакырым, туурасы 3 чакырым жана тереңдиги 250 метр. Мындан тышкары 6 көл бар. Алар Ири-Көл, Арам-Көл, Чөйчөк-Көл, Түйүк-Көл, Кыла-Көл жана Бакалы-Көл", - деп билдиришти агенттиктин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, Сары-Челек мамлекеттик жаратылыш коругунун жалпы аймагынын аянты 24 миң гектарга жакын. Корукта сүт эмүүчүлөрдүн 40тан ашык түрү, канаттуулардын 175 түрү жана балыктын 5 түрү бар. Өсүмдүктөрдүн 1 миң 200дөн ашык түрү өсөт. Алардын көпчүлүгү Кыргыз өлкөсүнүн Кызыл китебине киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
21.04.2020. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эн кооз жер Сары-Челек .ар бир кыргызды коруп келуусун сунуштайт элем
21.04.2020. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эх Сары Челегим сагындымго айылга бир барып эсалып келсемго аттин кылып жатам карантиндин алдынан кетип калбаганымма Аксыга
21.04.2020. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бираз эртерек экен майдын аягында ажайып кооз болуп калат жап жашыл болуп.
21.04.2020. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Колдо бар алтындын баркы жок деген чын тура. Кыргыздар качан тазалыкты уйронмоюн туризм соолуганы соолуган.
21.04.2020. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аксы жери жакшы
21.04.2020. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аксы элинин пейили эн сонун экен.Эки жыл мурда Сары Челекке бардык элек.Машинаны короого токтоткону бир аксакалга канча берелик десесем эч нерсе кереги жок ,машинага чоп салмак белем дейт.Бар болгула Аксы эли.
22.04.2020. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Alinur96kg,Колдо ошондой го. Бир машинага 1 кунго 100 сом бересин деп туруп алат. Аман болгула Колдуктор. Аксы элиндей пейилинер кен болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: