Москва РИИБинин тергөөчүлөрүнүн ортосунда пикир келишпестик орун алды
Чүй облусуна караштуу Москва РИИБинин тергөөчүлөрүнүн ортосунда түшүнбөстүк орун алган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-апрель күнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан көп өлчөмдө дары ичип, ууланган милиция кызматкери тууралуу билдирүү келип түшкөн.
"Ооруканага барган тергөө тобу ал 1993-жылы туулган М.С. аттуу тергөөчү экенин аныкташкан. 13-апрелде чогуу иштеген кесиптеши экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Мындан улам анын башы ооруп, дары ичкен. Бирок ал дары жардам бербегендиктен, бир нече дары ичип алган. Андан соң өзүн жаман сезип, ооруканага кайрылган. Ал эми бөлүмдүн жетекчиси аларды медициналык кароодон өткөргөн. Натыйжада алар спирт ичимдигин ичпегени аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Тергөөдө аталган тергөөчү кош бойлуу экени жана эки баланы тарбиялап келгени белгилүү болгон. Ошондой эле өзүнө-өзү кол салуу оюнда дагы болбогондугун билдирген. Учурда бул боюнча тергөө иши жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.


силерден сураныч карантинде озунорду карманыздар ансыз деле кырдаал оор