super.kg logo

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси премьер-министрдин отставкасы тууралуу жалган маалымат таратпоого чакырды

 

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Наргиза Мансурова мамлекеттик бийликтин бардык күчү коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жумшалып жаткан учурда жалган маалымат таратпоого чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Премьер-министрдин кызматтан кетиши жана өкмөт башчынын кызмат ордуна талапкер тандалышы мүмкүн экендиги тууралуу ар кандай ушак-айыңдарды таратпоого чакырабыз.

Учурда бардык мамлекеттик бийлик органдарынын күч аракеттери толугу менен коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жана анын кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган.

Буга окшогон ушак-айыңдар бирөөлөр аркылуу атайылап жасалып, акыркы күндөрдө жайылтылып жатат деп ойлойбуз.

Ошондуктан саясий чөйрөнү жана массалык маалымат каражаттарынын бардык болгон күч-кубатын мамлекеттик органдардын инфекцияга каршы күрөшүүсүнө жардам берүүгө багыттоого чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 20-апрелде өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев
"премьер-министр отставкага кетти деген маалымат фейк" деп билдирген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.04.2020. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ашууда ат алмашпайт дечү эле кыргызда.Баштаган ишинин аягына чыксын.Кылган жумушунун тыянагын көрсөтсүн.Жоопкерчиликти мойнуна алгандан кийин жооп берсин,аткарган иштери менен далилдесин.Иштеп жатат,күтөлү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: