super.kg logo

Италияда коронавирустан каза болгон адамды ити ооруканага издеп келди

 

Италиянын Пиза провинциясында коронавирусту жуктуруп алган адамды дарыгерлер ооруканага алып кетишкен. Анын абалы оор болгондуктан дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул учурда анын ити үйдө жалгыз калганын, адамга ит эң ишенимдүү дос экенине дагы бир ирет ынандырган окуяны чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Ага ылайык, жети жаштагы овчарканын аты Стелла. Ал ээсин үйүндө саналуу күндөр күткөн. Бирок ал келбегендиктен, үйүнөн сыртка чыгып аны издеп жөнөгөн. Алар жашаган үй ооруканадан бир топ эле алыс экени жазылат маалыматта. Ага карабай Стелла ээси жаткан оорукананы таап барган. Тилекке каршы, бул учурда анын кожоюну каза болуп калган.

"Бирок ит оорукананын короосунан кеткен эмес, ал ээсин күтүп жүргөн. Окуя өткөн апта аралыгында болгон. Кийинчерээк ал ит тууралуу жергиликтүү жаныбарларды коргоо уюмдарына кабар берилип, алар Стелланы алып кетишкен. Уюм Стелла ээсинин жоктугун оор өткөрүп жатканы тууралуу интернет тармагына жазышкан. Көп өтпөй аны бакканга адамдар табылган. Ал Стелланын ээсинин агасы. Ал аны үйүнө алып кеткен", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(2)
22.04.2020. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
байкуш
22.04.2020. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ай бечара, кээ бир адамдарга караганда иттин жакшылыгы коп!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: