super.kg logo

"Ажалга болбойт кайтарыш, айылга көңүл айталык". Садык Шер-Нияз Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатында элди ыйлатты

 

Бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын алп акыны Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Коюлган чектөөлөргө карабай өнөр ээсин узатууга 200гө жакын адам келген.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына келген Садык Шер-Нияз көзүнө жаш алып, өзүнүн сөзү менен элди ыйлатты.

"Кыргыздын намысына жаралган Элмирбек Иманалиев 70ке чыкса болбойт беле. Эл менен анын тоюнда башына суусар тебетей кийгизип мактап, даңктап турсак болбойт беле. Болгон өнөрдү өзүнө сиңирип алган улуу адамдан айрылып отурабыз. Билген кишиге улуу көчтү улаган улуу кишиден айрылып, кыргыздын кабыргасы кайышып отурат. Аз жашаса да саз жашаган уулубуз өзү окшогон Эшмамбет, Токтогул, Тууганбай сыяктуу аталарыбызга аттанды", - деди өз сөзүндө Садык Шер-Нияз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: