Өлкөдө күч түзүмдөрүнүн 12 кызматкери коронавирус жуктуруп алышкан. Анын бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатат
Республика боюнча күч түзүмдөрүнүн 12 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Анын бирөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 22-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
"Бүгүнкү күнгө карата күч түзүмдөрүнүн 12 кызматкери коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Алар ооруканада тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат. Бир кызматкер оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат", - деди ал.
Анын айтымында, кызматкерлер коронавирус аныкталган жарандардын жакындары менен байланышта болуп, кесиптик кызматтарын аткарып жаткан учурда илдетти жуктуруп алышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
gunu

22.04.2020. 22:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сакайып кетсин кудайым озу шыпаа берсин
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.