super.kg logo

Ош шаарынын мэри: "Айрым өнөр жай ишканаларынын иштөөсүнө уруксат бердик"

 

Бүгүн, 22-апрелде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди. Анда мэрге тургундардан суроолор дагы берилди.

Суроо: "Жергиликтүү ишкерлерди колдоо боюнча кандай иштер жүрүп жатат?"

"Ишкерлерди колдоо долбоору антикризистик программага киргизилген. Кырдаалга жараша көп ишканалар токтоп турат. Бирок ооруган адам менен байланышта болгон акыркы жаран аныкталмайынча бул режим алынбайт. Ишкерлер муну түшүнүү менен кабыл алып жатат деп ойлойм. Бүгүнкү күндө айрым өнөр жай ишканаларына иштөөгө уруксат бердик. Бирок аларга медицина кызматкерлеринин айткан талаптарын так аткаруу шарты коюлду. Кыргыз өлкөсү бул илдеттен арылгандан кийин дагы ишкерлерди колдоо уланат. Мамлекет тарабынан насыя алганга, салык төлөөдө жеңилдиктер сыяктуу жардамдарды берүү пландалууда", - деди Ош шаарынын мэри.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
22.04.2020. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оштун мээри молодец, жардамды берип жакшы иштеп атат. Башка мээрлерге караганда алда канча тузук!
22.04.2020. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таалайбек! Атына заты жарашкан адам экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: