super.kg logo

Пенсионерлердин акчасынан 200 сомдон кармалып жатабы? "Кыргыз почтасынын" өкүлүнүн жообу

 

Ар бир пенсионерден 200 сомдон алып жатышат деген маалымат боюнча конкреттүү жаран арыз менен кайрылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелдеги жыйында "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Сузак райондук филиалынын жетекчиси Жаныбек Жолборсов айтты.

Жыйын учурунда "Кыргыз почтасы" ишканасынын өкүлүнө жаран тарабынан "Ар бир пенсионерден 200 сомдон кармап калып жатышат. Пенсияны кармап калгандар кол топтоп жүргөнү айтылууда. Эмненин негизинде акча жана кол топтолуп жатат?" деген суроо узатылды.

"Ушундай маалыматтар бизге да телефон аркылуу келип жатат. Ал адамдарга ошол акча алып жаткан адамдардын аты-жөнүн, телефонун бергиле десем, андай маалыматтарды бере албай жатышат. Биз почта кызматкерлерине пенсионерлердин акчасын толук жеткирип бергиле деп катуу талап койгонбуз", - деди ал.

Маалыматка ылайык, жалпы Сузак районунда 29 миң пенсионер бар. Өзгөчө кырдаал киргенге чейин 9100 пенсионерди "Кыргыз почтасынын" Сузак райондук филиалы тейлеп келген. Ал эми 19 миңден ашык пенсионерди банк мекемелери тейлечү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
22.04.2020. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карасаңар кармайттырсынарда,
Миң сомдон кошулуп берилет деген элеңер бир сом да жокко
22.04.2020. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пенсияларды почта кызматкерлери үйлөргө жеткирип берет деп айтылды эле бирок мурдагыдай эле почта бөлүмчөлөрүнүн алышты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: