super.kg logo

БУУ: Пандемиядан улам дүйнөдө ачарчылык башталышы мүмкүн

 

Бириккен улуттар уюмунун дүйнөлүк соода-сатык программасынын жетекчиси Дэвид Бизли адамзаттын пандемиядан улам массалык ачарчылыкка туш болуу коркунучу бар экенин айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Эгерде биз азыр даярданбасак, бир нече айдан кийин массалык ачарчылык башталышы мүмкүн", - деп билдирген Бизли.

Ачарчылыктын алдын алуу үчүн ал согуш иштери жүрүп жаткан аймактарга гуманитардык жардамдардын киришин камсыздоо керек экендигин жана аларды дүйнө жүзүнө жеткирүү үчүн керектелген логистикалык борборду негиздөө үчүн 350 миллион доллар талап кылынаарын айткан.

"Азыркы тапта убакыт бизге каршы ойноп жатат, ошондуктан акылдуу жана тез чечимдерди кабыл алышыбыз зарыл", - деген программанын жетекчиси.

Буга чейин БУУ 2020-жылдын аягына чейин 130 миллионго жакын адам ачарчылык менен кез келирин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: