super.kg logo

Нью-Йоркто бир суткада 40 миң тест алуу пландалууда

 
Нью-Йорк штатынын бийлик өкүлдөрү сутка ичинде коронавируска тапшырылган тесттердин санын 20 миңден 40 миңге чейин көтөрүшөт. Бул тууралуу губернатор Эндрю Куомо айтканын чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал өлкө башчысы Дональд Трампка жолугуп тест алуу маселелерин карашкан.
"Биздин максат тесттердин санын эки эсеге көтөрүү. 40 миң тест бул штаттын максималдуу мүмкүнчүлүгү", - деп билдирген Куомо.
Губернатор белгилегендей, тесттерди ата мекендик өндүрүшчүлөр чыгарып жатат. Алар тесттерди штаттагы бардык лабораторияларга жөнөтүп туруусу керек.
"Тесттерди алуу жана жыйынтыктарды чыгаруу үчүн химиялык реагенттер керектелет. Бул суроодо бизге федералдык башкармалык жардам берүүсү керек", - деген Куомо.
Нью-Йоркто 250 миңге жакын адамдан коронавирус аныкталса, 15 миң жаран илдеттен көз жумган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: