Айыл чарба министри дыйкандарга кайсы айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө сунуш берилгенин айтты
Быйылкы жылы 1 миллион 219 миң гектар жерге талаа жумуштары аткарылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде онлайн маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.
Анын ичинен 745 миң гектар жерге жазында аткарыла турган иштер. "Быйылкы жылы 246 миң гектар жерге буудайды өз убагында сээп жатышат. Биз жазгы талаа иштери жүргөндүн алдында бүт облустарга барганбыз. Ал жерде кайсы өсүмдүктөрдү өстүрсө, күзүндө биздин дыйкандардын капчыгы толо турганын айтканбыз. Соя, чечевица, помидорду көбөйтүүнү сунуштаганбыз. Азыр дыйкандардын көпчүлүгү биздин айткан сунуштар менен иштеп жатышат", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Предложение менен киргенимде четке кагып коюшкан эле.