super.kg logo

Айыккандардын арасында медициналык кызматкерлер дагы бар. Коронавирустан сакайып, ооруканадан чыккандардын сүрөтү

 

Бүгүн, 22-апрелге карата өлкөдө коронавирустан дагы 38 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгышты. Алар:

Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканадан – 7;

Кызыл-Кыядагы аймактык ооруканадан – 2;

Баткен облустук биргелешкен ооруканадан – 1;

Нарын облусунда - 1;

Жумгал райондук аймактык ооруканадан – 1;

Ош облустар аралык биргелешкен ооруканадан – 1;

Ноокат райондук аймактык ооруканадан – 25.

Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын жетекчисинин орун басары Айнура Узакбаева ооруканадан чыккандардан эки ирет коронавируска тест алынганын айтты. Айыккандар дагы бир нече убакытка чейин жашаган аймагы боюнча дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Оорудан арылып, үйүнө чыккандардын арасында медицина кызматкерлери да бар.

"Биздин ооруканага коронавируска кабылган болушу мүмкүн деп шектелгендер, вируска кабылгандар келишет. Ар бир бейтаптын абалы ар кандай болот. Айрымдарында оорунун белгилери байкалбайт, айрымдарынын абалы орто жана оор болот. Бейтаптарды оорусуна жараша дарылап, дарыгерлер тыкыр көзөмөлгө алышат. Бул илдеттин коркунучтуу жагы - бүгүн бейтаптын абалы канааттандырарлык болсо, эртеси күнү абалы кескин түрдө оорлошуп, абалынын начарлашы көзүнөн байкалат. Ошондуктан адистер сунуштаган профилактикалык эрежелерге олуттуу карап, так аткаруу кажет", - деди Айнура Узакбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: