super.kg logo
  Саясат  

Президент менен Башкы штабдын башчысы өзгөчө абалда коронавируска каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу талкуулашты

 

Бүгүн, 22-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шартында коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана иш-аракеттер талкууланды.

Мамлекет башчысы кабыл алынган чаралар коронавирус инфекциясынын өлкөнүн бардык аймагына кеңири жайылып кетишин токтотуп, оорунун очокторун жоюуга мүмкүнчүлүк бергендигин белгиледи.

Ал коопсуздукту камсыз кылууда жарандардын саламаттыгы менен өмүрүн коргоодо, ошондой эле илдеттин андан ары жайылышына жол бербөөдө болгон күчүбүз жана каражаттарыбыз менен жер-жерлердеги коменданттарга ар тараптуу көмөк көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков блокпосттордо кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлерин жеке коргоочу жана башка зарыл болгон каражаттар менен толук камсыз кылууга көңүл бурду.

Эпидемиологиялык кырдаалга жараша коюлуп жаткан талаптар жумшарса, өлкөнүн чек ара аймактарына көзөмөлдү жана өлкөгө кирген Кыргыз жарандарын талаптагыдай текшерүүнү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтты.

Президент ишканалар менен өнөр жай объектилеринин иштеши үчүн зарыл болгон социалдык маанилүү жана башка товарлардын, биринчи кезекте керектелген азык-түлүктөрдүн эркин ташылышын камсыз кылуунун улантылышын баса белгиледи.

Райимберди Дүйшөнбиев инфекция менен күрөшүүдө Куралдуу күчтөрдүн ички иштер органдары, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу жана башка тартылган мамлекеттик органдар менен өз ара ыкчам аракеттешүүсү боюнча чаралар жөнүндө маалымат берди.

Ал бүгүнкү күндө аскер бөлүктөрүндө, бөлүмчөлөрдө, блокпосттордо кырдаал туруктуу экенин, кемчиликтер ыкчам четтетилгенин белгиледи.

Өзгөчө абал киргизилген аймактардагы блокпостторго тартылган бардык аскер кызматкерлери зарыл болгон жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: