super.kg logo

Жасалма эмчектин да пайдасы бар тура! Канадалык айымды эмчегиндеги силикону ок өткөрбөй, өлүмдөн сактап калды

 

30 жаштагы Канаданын тургунун эмчегине салдырган силикону сактап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

30 жаштагы айым көчөдө баратканда бейтааныш адам ага ок чыгарган. Күтүлбөгөн жерден ал сол көкүрөк тушу ысып, ооруп чыкканын сезген. Нес абалда жабырлануучу көкүрөгүн карап агып жаткан канды көргөн. Окуяга күбө болгондор "Тез жардам" кызматын чакырып, айым жакын аралыктагы ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын көкүрөк бөлүгүн рентгенге тартышканда өпкөсүнө бир аз доо кетип, бирок көкүрөк клеткасындагы органдар жабыр тартпаганын билишкен. Жыйынтыгында хирургдар жабырлануучуга операция жасап, эмчегине салынган эки имплантын алып, окту чыгарып алышкан. Дарыгерлер эгер имплант болбосо, ок көкүрөк тушу менен өтүп, жүрөгүнө тиймек дешкен. Ал эми жабырлануучу толугу менен сакайып, аман-эсен ооруканадан чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.04.2020. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Тууй Ата Эми эмне кылабыз. Ушу эле жетпей атты эле
22.04.2020. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Коп эле пайдасы тийиптирда
22.04.2020. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир жагына тийсе экинчисин эмнеге алды ) эми анданда чонураагын койдуратда
22.04.2020. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир себеп болуртурда силикон бирок айымдар силикон салбай эле койгула
23.04.2020. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул көкүрөккө силикон салдыргыла деген реклама го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: