super.kg logo

Орусияда "бала баккандан чарчап кеттим" деп ымыркайын сабаган эне кармалды. Аны камакка алуу сунушталууда

 

Буга чейин орусиялык маалымат каражаттары Оренбург облусунда эне баласын "бала баккандан чарчап кеттим" деп тилдеп, аёосуз сабаганын жазышкан. Бул эне 21 жашта экендиги, баласы болгону 8 айлык экендиги маалымдалууда.

Жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдары 21 жаштагы келинди кармаганын, ал күнөөсүн моюнуна алганын жазышууда. Бирок ал эмне үчүн мындай жорукка барганынын себебин түшүндүрүп бере алган эмес. Тергөөчүлөр сотко тергөө бүткөнгө чейин аны камакка алууну сунуштап жатышат. Учурда бул боюнча териштирүү иштери уланууда.

"Алдыда бир нече экспертизалар жүргүзүлөт, анын ичинде аялдын психологиялык-психиатриялык абалы да текшерилет" деп жазылат маалыматта.

Оусиянын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Анна Кузнецова видеону аягына чейин көрүү ага оор болгонун айткан. Бул окуяны аталган мекеме да өз көзөмөлүнө алган.

"Ымыркайды сабап, андан кийин диванга ыргытып жиберди. Кийинкиде бала кайсы жакка ыргытылмак дегенди элестетүү кыйын болду. Учурда бала ооруканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Аялдын ата-энеси жок, ал баланы балдар үйүнө берем деп жүргөн, бирок эмне үчүн мыйзамдуу жол менен барган жок белгисиз. Балдардын укугун коргоо боюнча аймактык мекемелер эмне үчүн өз учурунда бул абалды териштирбегени да иликтенип жатат", - деген ал.






Орусияда ыйлаганы үчүн ымыркайын аёосуз сабап салган аялдын видеосу тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: