super.kg logo

АКШда 2 мышыктан коронавирус аныкталды

 
АКШда дарыгерлер 2 мышыктан коронавирус аныкташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2 мышык тең Нью-Йоркто табылган. Божомолдор боюнча аларга вирус адамдардан жуккан. Оору мышыктарда жеңил өтүп жаткандыктан ветеринарлар алар жакында айыгат деп күтүшүүдө. Ошондой эле 2 мышык штаттын эки башка аймагында жашай турганы маалым болгон.
Айта кетсек, буга чейин вирустун жаныбардан адамга жуккан учур каттала элек.
"Биз адамдардын дүрбөлөңгө алдырып, үй жаныбарларынан коркушун каалабайбыз" деп билдирген Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борборунун кызматкери Кейси Бартон.
Адистер пандемия учурунда үй жаныбарлары барларга аларды башка жаныбарлардын жана адамдардын жанына баруусун чектөөнү суранышкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: