super.kg logo

Грузиянын мурдагы президенти Саакашвилиге Украинанын вице-премьерлиги сунушталды

 

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Украинанын өкмөтүнө келери тууралуу маалыматтарды ырастады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Саакашвили өкмөт башчы Денис Шмыгаль менен да сүйлөшүп, ал өзгөрүүүлөр тууралуу сунуштарын парламентке тааныштырууну көздөп жатканын айткан.

"Өлкө башчысы Володимир Зеленскийден реформа маселелери боюнча Украина өкмөтүнө вице-премьер болуу тууралуу сунуш алуу - чоң сыймык" деп жазган өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Айта кетсек, Саакашвили буга чейин Одесса облусунун губернатору болгон. Губернаторлуктан кеткенден кийин бийликке оппозицияда жүргөн. 2017-жылы мурунку президент Петро Порошенконун жарлыгынын негизинде жарандыктан ажыратылып, өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Бийликке Володимир Зеленский келген соң ал кайтып келип, кайра жарандык алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.04.2020. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ана Саакашвилини да алдырып жибергени калдык.Ушул кишини бир жыл Кыргызстанга кызмат кылып бер дегенде баардыгын жолго салып коймок.Билгендер Саакашвилинин кызматын пайдаланып жатат.Аа биз жүрөбүз темселеп 30 жылдан бери суйролуп,өкмөт башчыдан өкмөт башчы алмашып.
23.04.2020. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
titanik32, туура баа берипсин грузиялык армян, азербежандар менен сүйлөшүп отуруп сурасам Саакашвили 1000 жылда бир жарала турган адам деп аябай макташты.
23.04.2020. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Саакашвили бомж да бир да олконун жарандыгы жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: