Жалпы 631: Өлкөдө дагы 19 жарандан коронавирус аныкталды. Анын көбү Бишкектин тургундары
Бүгүн, 23-апрелге карата өлкөдө дагы 19 жарандан коронавирус аныкталды. Муну менен ооругандардын жалпы саны 631ге жетти. Мындай статистиканы саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында кабарлады.
Сутка ичинде коронавирус жуктуруп алганы аныкталгандар:
Бишкек шаары - 8;
Чүй облусу - 4;
Ош шаары - 4;
Ош облусу - 3.
Вирус аныкталган 19 жаран буга чейин обсервацияда жатканы же үй карантининде болгону тууралуу маалымат берилген жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Буюрса айыккандар кундон кунго азайып баратат,ушул айдын аягына чейин кескин кыскарат деген умуттомун..