super.kg logo

"Ар нерседе жакшылык бар тура". Журналисттер карантинде окуган китептери тууралуу ой бөлүшөт

 

Кыргыз өлкөсүнүн айрым аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылган. Азыркы тапта эл карантинде кармалып жатат. Бул учурда үйдө отурган айрым мекендештерибиз билим көрөңгөсүн толтуруп, түрдүү китептерди окуп жаткан чагы. Алардын арасында журналисттер да бар. Маалымат каражат өкүлдөрү SUPER.KG порталына окуган китептери тууралуу азын-оолак кеп салып беришти.

"5-каналдын" директору Эрнис Кыязов:

- Мен карантин учурунда жана карантинге чейин деле аудио-китептерди окуу менен алекмин. Өзүм ичимден шыбырап окуп тим болбой, окуганымды интернетке да чыгарайын, башкалар да окусун деген ниет. Карантинде Ашым Жакыпбековдун "Теңири Манас" чыгармасын окуп бүтүп, социалдык баракчама киргизип койдум. Азыркы учурда атайын бөбөктөргө, балакайларга арналган "365 күн жомок" деген чоң китепти окуп, аудио китеп кылуу менен алпурушуп жатам. Карантин көбүбүздүн ички дүйнөбүздү аңтарып салды, сабырыбызды, кыйын кезде эмнеге жөндөмдүү экенибизди, үй-бүлөбүзгө кандай мамиле кылаарыбызды "сен момундайсың" деп эле айтып салды.

Таажы тумоо деп чуу түшкөнүбүз менен, менимче, көп адамдардын жан дүйнөсүндө жаңы барактар ачылды, жашоону башкача карай башташты. Күндө эле көрүп, бирок этибар албай жүргөн нерселерге маани берүүгө өтүштү. Өмүрүндө китеп окубагандар, окугусу келсе да чолосу жоктор китеп тиктөөгө же угууга өтүштү. Демек, ар нерседе - жакшылык бар тура.

"Парламент" радиосунун жетекчиси Кипариса Сурахманова:

- Негизи адам баласынын ою өзгөрсө, сөзсүз түрдө жашоосу өзгөрөт дейт экен. Ошондуктан психологиялык жактан көп кеп-кеңештерди алуу максатында психологиялык китептерди жана Саидмурат Давлатовдун китептерине ыктап окуп жатам. Анткени азыр дүйнөлүк ири апаатка айланып жаткан жагдай элди үйүнө отургузуп койду. Бул убакыттан пайдаланып китепти көбүрөөк окуп калышыбыз керек. Негизи көбүнчө кыска-нуска жазылган залкар ойлорду окуп, аны аң-сезимибизге сактап, жашообузда колдонсок да артык болбойт. Учурда Светлана Кузинанын "Мудрость всех эпох" деген китебин окуп жатам. Анда айтылгандай, азыркы күнүбүз кечээ күнкү оюбуз. Азыркы оюбуз, эртеңки биздин жашообуз. Мунун баары биригип биздин турмушубузду түзүүчү негизги куралдар. Азыркы жагдайды алганда адамдын ою көп нерсени чечет.

Айрыкча ойду оңдоого багытталган китептерге басым жасап жатам. Китеп окуу жагынан дос-курбалдаштардын арасында өзүнчө социалдык тармакта топ ачканбыз. Топтолгон тобубузда ким эртең менен кандай китепти окуду деп, бири бирибизге отчёт берип, ал жөнүндө кыскача маалыматтарды айтып, билимибизди бөлүшүп турабыз. Жаңы эле алар Александр Свияштын "Здоровье в голове, а не в аптеке" деген китебин окууну сунушташты. Ошол сыяктуу эле ден соолукту караш үчүн маалыматтарды да тандап окууга мүмкүнчүлүктөр көп. Мисалы, жаңылыктардан жалаң эле негативдүү окуяларды уга берсе, адамдын аң-сезимине ошол маалымат сиңип, анан түпкү сезимге өтүп кетсе каалайсызбы, каалабайсызбы ал нерсе ишке ашып кетүү коркунучу бар. Ошон үчүн ойдун таза болгону маанилүү. Албетте, буга жакшы китептер жардамга келет. Андыктан болушунча жакшы ойлорду ойлоп, ошол багыттагы китептерди окусак, биздин аң-сезимибизге түшкөн ой бул аалам менен тыгыз байланышта болуп, Кудайдын кудурети менен ишке ашат. Мисалы, бала кезде кандай кыялданабыз, бардык нерсени визуализация кылып, көз алдыбызга тартабыз.

Ал эми чоңойгондо турмуштук түйшүк менен аралашып жатып, кыялданганга дагы убакыт болбой калат. Ошон үчүн болушунча кыялданууга түрткү берүүчү китептер жага баштады. Мисалы, бай жана кедей адамдын айырмачылыгы жана алардын ой жүгүртүүсүндөгү өзгөчөлүктөр тууралуу ойлонуп, салыштыра баштадым. Көрсө бай адамдардын өзгөчөлүгү бул улам жаңы нерсеге умтулгандыгы жана тобекелчилдикке барып, ошол эле учурда билген, үйрөнгөн нерсесин эл менен бөлүшкөнүндө экен. Аскар Салымбековдун "Бай бол" китебине да көзүм түшүп жүрөт. Касым Кушубековдун "Такалуу аттын изи бар" деген эки томдугун баштоо алдында турам жана Султан Раевдин "Пусу" деген китебин бүткөнү калдым. Мен бир эле мезгилде бир нече китепти баштап алган адатым бар. Андыктан азыр бир эле эмес, бир нече китепти окуп жатам.

Мындан сырткары Назым Меңдибаировдун котормолорун окуп жатам. Анда азыркы коомдогу турмуштун өзгөчө шарттары баяндалат. Мисалы, батирде тургандар, андагы тынчтыктын жоктугу жана түйшүккө салган ызы-чуулар жөнүндө айтылат. Ал эми "Пусу" китебинде эң ыйык деп саналган Япониядагы Фудзияма тоосундагы топурак өзгөчө бааланат. Ал жердеги ыйык топуракты түйүп мекенине ырым кылып алып кетейин десе алып кетүүгө мүмкүнчүлүк бербеген аэропорттогу контроль жөнүндө сөз болот. Биз топуракты эле эмес алтыныбызды сыртка чыгарып жатабыз. Ошондуктан ар бир нерсенин баасы, баркы билинсе, кайдыгер болбосок деп айткым келет. Элди дагы негативдүү маалыматтардан качып, позитивдүү кеп-кеңештерди жакшы китептерди окуп аң-сезимибизди болушунча өстүрсөк дейм.

Журналист Бейшенбек Бекешев:

- Абдымомун Калбаев деген жазуучу, журналист агабыздын "Чабылбай калган күлүк" деген жаңы китеби чыккан. Ошол китепти окуп баштадым. Чынында андан башка китеп колума тие элек. Ал эми андан сырткары карантинден пайдаланып "Кайра жаралуу: Эртугрул" деген түрктөрдүн 150 сериялуу киносун көрүп бүттүм. Ал кинону өзүм эле көрбөй "карантинде бекер жатпай, ушул кинону көргүлө" деп элди дагы азгырдым.

Ооба, силер китеп окубаган муундун балдарысыңар, биз убагында китепти укмуш окуйт элек. Акыркы мезгилде жан дүйнөгө азык боло турган китеп жок же кино жок же спектакль жок болуп жаткан.

Ошол фондо түрктөрдүн "Кайра жаралуу: Эртугрул" деген сериалын көрдүм, укмуш жакшы кино экен. Ал чынында билим багажы болот, башкаларга да көрүүнү сунуштайм. Биз Айтматовдон кыйын жазуучу жок деп жүргөнбүз да, бирок андай эмес экен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(12)
26.04.2020. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мен да Мыкыны мыкты актер дегем корсо...
26.04.2020. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мыкты чвгармалар коп калет жок. Бирок Айтматов мыктылардын мыктысы!
26.04.2020. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Айтматов кыйын жазуучу болгон. Эмнеге Айтматовго салыштырып койдунар түшүнбөдүм, улуу кишини ылдыйлатып!
26.04.2020. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Карантин буларды да тээп кетиптир ..Айтамтовго тенешип!
26.04.2020. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Чынгыз Айтматовдун тырмагына да тенеле албайсынар! Бул жерде Айтматовду мисал кылып, салыштырганынар мен жогоруда айткандай тырмагына да тенеле албайсынар дегендей эле денгээлинерди корсотуп атасынар.
26.04.2020. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Айтматовго тен келгис бир да жазуучу жок. Ушинтип Айтматовтун кадырын тушуруп жаткан эки уч акмактын уяты жок. Булардын ою мындай, Айтматовду окубай менин чыгармамды окугула дегендей айтыптыр. Айтматовтун кадыр баркына коз арткан акмактар экенсинер.
filis түзөттү 2020-04-26 16:23:10
26.04.2020. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Айтматовдун дуйнолук авторитетине коро албастык кылып, ушул ойду айтып жатышат булар.
Kairat1996 түзөттү 2020-04-26 16:26:32
26.04.2020. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Тологон Касымбековдун чыгармалары мыкты.
26.04.2020. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бекешев бетиң жок, ичиң тар адам экенсиң аксакалдар андай кеп айтпайт,
26.04.2020. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бекешов коро албастыктын айынан жарыбай журот да.
27.04.2020. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айтматов дуйнолук адабиятта озунчо болуп карай турган бийик орду бар инсан. Таланттуулар коп чыгаар бирок Айтматовго эч кимди салыштырып болбойт. Анын озунун озгочо жазуу стили, озунчо ой толгоолору бар. Гумандуулук, айколдук, табият жана андагы жаныбарлардын жашоосун жада калса алардын санаасын, сагынычын, кубаныч кайгысын мыкты ачып бере алган керемет залкар инсан Айтматов!
28.04.2020. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз Айтматовду турктор абдан баалашат. Мен Туркияда окуп жургондо, жонокой адамдары мн таанышап калганда:
-Каяктан болосун?
-Кыргызстандан.
-Оо сен Айтматовдун мекендеши турбайсынбы!-дегенде суйунгонунон тобон кокко жетет :)
Айтматовду эч ким мн, эч бир сериал мн салыштыра албайсын. Анткени Айтматов кыргызды бут дуйного тааныткан жазуучу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: