super.kg logo

Бүгүнкү күндө 45 медициналык кызматкер коронавирустан айыгып чыкты (видео, хронология)

 

Бүгүн, 23-апрель саат 10:00гө карата өлкөдө дагы канча жаран коронавирус жуктуруп алганы, илдеттен канча киши арылганы тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берип жатат. Маалымат жыйын Өкмөт үйүндө онлайн өтүүдө.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-23 10:28

"Бонецкий" лабораториясы жардам берүү ниети бар экенин билдиришкен. Аларда тиешелүү жабдыктардын баары бар, лаборатория жеке ишкерлер менен биргеликте бардык жабдыктарды өздөрү алышкан. Мамлекеттин эсебинен аларга эч кандай жабдыктар алынып берилген жок. Мындан улам менчик лаборатория менен иштешүүгө макулдук берилди. Бул тыкыр көзөмөлгө алына турган иш", - дейт Нурболот Үсөнбаев.

2020-04-23 10:26

Министрдин орун басары: "Үй карантининдеги жарандарды мобилдик тиркемелер аркылуу көзөмөлдөп турууга болот. Тиркеме жарандын макулдугу менен гана уюлдук телефонуна жүктөлөт. Эч кимди мажбурлоо болбойт".

2020-04-23 10:23

"Новосибирсктен келгендер обсервацияга алынган. Аларды дарыгерлер көзөмөлдөп турушат. 14 күндүк карантинден кийин дагы үй шартындагы карантинге жөнөтүлөт. Ал эми буга чейин Түркиядан келгендердин баарынан тест алынып, лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн. Арасынан вирус аныкталгандары да болгон. Илдетке кабылгандар дароо эле ооруканага жаткырылган. Ал эми калган жүргүнчүлөрдү дагы текшерип, тесттин жыйынтыгы вирустун белгилери жок деп чыккан. Алар 14 күн бою карантинде болушат. Андан кийин мобилдик тиркеме аркылуу дагы көзөмөлгө алынат. Чет өлкөдөн келгендерди жалпысынан 28 күнгө карантинге алуу каралган".

2020-04-23 10:18

Нурболот Үсөнбаев: "Айыккандардын саны өсүп жатат, бул сандар сүйүндүрбөй койбойт. Коронавирус аныкталгандар менен илдеттен айыккандардын саны боюнча айырмачылык бар. Мындан улам адис катары эпидемиянын туу чокусуна жетип калдык десем болот".

2020-04-23 10:15

Бүгүнкү күнгө карата 45 медициналык кызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен: 16 дарыгер, 18 орто медперсонал, 8 кенже медперсонал жана 3 башка адис.

2020-04-23 10:13

Коронавирус аныкталгандардын арасында 15 жашка чейинки балдардын саны 68ге жетти. Алардын ичинен төртөө 1 жашка чейинки ымыркайлар.

2020-04-23 10:11

Изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 40 миң 513;
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны – 39 миң 615;
Сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 2 миң 125.

2020-04-23 10:10

Кечээ, 22-апрелде Новосибирсктен келген 176 жарандан бүгүндөн баштап коронавируска тест алына баштайт.

2020-04-23 10:09

Стационарда – 321 бейтап жатат. Анын ичинен 11 бейтаптын абалы оор, бешөө жандандыруу бөлүмүндө.

2020-04-23 10:07

Сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алар төмөнкү аймактардан:
Ош облусунда – 1;
Ош шаарында – 1;
Бишкек шаарында – 3.
Жалпы саны 162ге жетти.

2020-04-23 10:05

Тилекке каршы, кечээ, 22-апрелде Чүй облусунда 53 жаштагы аял каза болду.

2020-04-23 10:04

Өлкөдө дагы 19 жарандан коронавирус аныкталды. Алар:

Бишкек шаары – 8;
Чүй облусу – 4;
Ош шаары – 4;
Ош облусу - 3.

Жалпы саны 631ге өстү.

2020-04-23 10:03

Сутка ичинде 48 жаран коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Алар:

Бишкек шаары – 14;
Нарын облусу – 2;
Ош облусу – 7;
Ош шаары – 25.

Жалпы айыккандардын саны 302ге жетти.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.04.2020. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул күндөн баштап оору жугузгандар азайып,айыккандар көбөйүп кетсе экен.Аллахым баарыбызга тынччылык аманчылык берсин,ушул жаман оору тез эле жок болуп кетсин.
23.04.2020. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ!!! Турциядан келгендерди неге үйүнө кое бересиңер?! Алар үйүндө отурмак беле, тентип чыгышат да туугандарына!
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-23 12:30:33
23.04.2020. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул мед кызматкерлери чындапле ооругандарбы же калпеле ооруп аларын алып кайра жакшы болуп жаткандарбы ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: