super.kg logo

Пандемиянын кесепеттерин азайтуу максатында өлкөгө чет элдик адистердин келип иштешине уруксат берилди

 

Кыргыз өлкөсүнө чет элдик адистердин келип иштешине уруксат берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан өкмөттүн 17-апрелдеги №135-б буйругунун негизинде маалымдашты. Маалыматка ылайык, мындай буйрук коронавирус инфекциясынын Кыргыз өлкөсүнө жайылышынын кесепеттерин азайтуу, экономикалык абалдын төмөндөшүн жөнгө салуу максатында кабыл алынды. Буйрукта белгиленгендей, чет элдик адистер 2020-жылга түзүлгөн эмгек миграциясынын квотасынын алкагында келе алышат.

"Бул чечим бир катар чет элдик ишкана, компаниялар менен иш жүргүзгөн мекемелер чет элдик адистердин квотанын негизинде келбей калгандыгынан улам жумушун улантууда кыйынчылыктарга туш болуп жатканы менен байланыштуу. Тактап айтканда, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, өндүрүш, курулуш, энергетика, геочалгындоо, тоо-кен казуу жана жол куруу тармактарына чет элдик адистер керек болуп жаткан.

Белгилей кетүүчү жагдай, чет элден келген адистер кайсы компания чакырса, ошол компаниянын эсебинен обсервациядан өтөт. Алар өлкөнүн Саламаттыкты сактоо тармагы белгилеген бардык эрежелерден өтүшөт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: