Бишкекте Мерседес-Бенц унаасы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 46 жаштагы аялды сүзүп кетти
Бишкекте Мерседес-Бенц унаасы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 46 жаштагы аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендантурасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 22-апрель күнү саат 17:00 чамасында Тыныстанов Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Мерседес-Бенц унаасын 25 жаштагы Б.Б. аттуу айдоочу айдап бара жаткан. Ал жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 1974-жылы туулган М.А. аттуу аялды сүзгөн. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы келип, жабырлануучу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
ularbek0691

23.04.2020. 16:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мындай учурда милициялар сыраз эле водителди кунолойтта
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.