super.kg logo

АКШда коронавирус менен ооруган аял комада жаткан абалда төрөдү

 

Коронавирус менен ооруган аялдан ден соолугу чың ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

АКШнын Нью-Жерси штатындагы Юнион-Сити шаарынын жашоочусу 40 жаштагы Жоана Росио Мендоза Чанкай 20-мартта медициналык документтерин толтуруу үчүн ооруканага келген. Дарыгерлер анын жөтөлгөнүн байкап, коронавирус инфекциясына тест алышкан. Тесттин жыйынтыгы кош бойлуу айымда коронавирус бар экендигин аныктаган.

Ал учурда Чанкайдын 26 апталык боюнда болгон. Бат эле болочок эненин абалы начарлап, бир нече күндөн кийин өз алдынча дем ала албай калган. Дарыгерлер курсагындагы балага чоң коркунуч жараларын билдирип, чукул арада операция жолу (кесарево сечение) менен төрөтүп алуу керектигин айтышкан. Чанкайды жасалма кома абалына түшүрүп, 30-мартта операция жолу менен ымыркайды аман-эсен жарыкка алып чыгышкан. Кыз 800 грамм салмакта төрөлүп, аны ымыркайлар үчүн интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырышкан. Бактыга жараша, ымыркайдан коронавирус аныкталган эмес.

Ал эми Чанкайды 13-апрелде комадан чыгарышкан. Эне кызын алиге чейин колуна ала элек. Качан гана кызы 9 айлык толук кандуу баланын убагына жеткенде, тагыраагы июль айында Чанкайдын колуна беришмекчи. Азырынча ал вебкамера аркылуу гана перзентин көрүү бактысына ээ болууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: