Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 16 миллион сом түштү
Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 16 миллион 121 миң сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эсепке 67 компаниядан каражат которулган. Бул 21-апрелге карата которулган акча. Бул которулган каражат жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүлөт.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов гуманитардык жардамдарды кабыл алуучу эки эсеп иштеп жатканын билдирген. Биринчиси Саламаттыкты сактоо министрлигине, экинчиси Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жардамдар түшөт. Ал жерден түзүлгөн комиссия каражаттарды бөлүштүрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.