"Насыялар убактылуу төгүлбөй турганы айтылган, бирок бизди төлөгүлө деп жатышат". Улуттук банктын өкүлүнүн жообу
Бүгүн, 23-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков өзгөчө абал кирген аймактардагы кырдаал боюнча маалымат берди. Ошол эле учурда банктар боюнча коомчулук тарабынан келген суроолорго Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы филиалынын жетекчиси Хусеин Акимбеков жооп берди.
Анда Улуттук банктын өкүлүнө жарандар тарабынан насыя акчаларына байланыштуу бир нече суроолор узатылды.
Суроо: "Өзгөчө абалга байланыштуу көптөгөн жеке ишкерлердин жумушу токтоп, салыктан баштап алган насыяларынын пайыздарын төлөй албай кыйналып жатышат. Мындай жагдайда ишкерлерге төлөө мөөнөтүн узартуулар каралганбы?".
Жооп: "Эгерде ошол ишкерлердин иши коронавируска байланыштуу токтоп калган болсо, насыяны төлөөнү банктар жекече карайт. Алар мөөнөтүн узартуу боюнча маселени чечет, бирок пайыздар баштагыдай эле кала берет".
Суроо: "Насыялар убактылуу төгүлбөйт деп айтылган. Бирок бизге "Айыл банктан" чалып жатышат. Алар туум кетет дешти, так маалымат берип коёсузбу?".
Жооп: "Азыр эле айтып кеткендей, коронавирус илдетинин айынан убагында төгүлбөй калган насыялык акчаларга төгүлбөй калган пайыздардын суммаларына эч кандай кошумча туум жана айып пулдар төлөнбөйт".

Бул мыйзамды өздөрү үчүн эле иштетип жатышат