super.kg logo

Орусиядан өлкөгө дагы 760 тонна буудай алып келинди

 

Орусиядан келишимдик негизде сатып алынган буудайдын экинчи партиясы Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жолу 11 вагон – 760 тонна дан эгини алып келинди.

"Жакынкы күндөрү өлкө аймагына дагы 53 вагон буудай жеткирилет. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Орусиядагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Бүгүнкү күндө анын 1800 тоннага жакыны келди.

Өкмөт тарабынан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында сатып алынган буудайдын курамындагы белоктун көрсөткүчү жогору. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү. Өлкөдө ун жана дан азыктарына болгон таңкыстык жок", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
23.04.2020. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул нерсе биздин чондорго сабак болот бекен ..Мамлекет запаска буудай экпегени жакшы дагы Казактан м.н Россия эгип коютур
23.04.2020. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи бизде буудайга караганда арпаны коп эгишет, малын ойлоп оздорун ойлошпойбу биздикилер же кандай тушунбойсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: