"СИЗО-1 толуп калды". ЖАМК Сапар Исаков, Салайдин Авазов түзөтүү абактарына жеткирилгенин айтты
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 22-апрелде комиссиянын чечими менен жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиевди №47, Сапар Исаковду №8 жана "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовду №27 жалпы режимдеги түзөтүү абактарына которуу чечимин кабыл алган.Бүгүн, 23-апрелде алар абакка жеткирилгенин ЖАМКтын басма сөз кызматынан билдиришти.
"СИЗО-1дин учурда бардык камералары толуп калды. Ал эми убактылуу кармоочу жайларда отурган адамдар СИЗОго алып келиниши керек. Мындан улам жаза өтөө режими жана орду аныкталган жарандар бүгүн, 23-апрелде Чүй жана Бишкек шаарындагы абактарга жайгаштырылды. Тактап айтканда, Сапар Исаков №8 түзөтүү абагына, Салайдин Авазов №27 түзөтүү абагына жеткирилди. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев өзү аларды алып кетүү кезегин күтүүдө", - деди басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(3)
chake
23.04.2020. 16:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
элдин мамлекетин акчасын жегендерди камоо менен эле чектелбей уурдаган акчасын мамлекетке өткөргүлө
robot111
23.04.2020. 16:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буларды кышында жылуулугу жок камераларга камагыла.
Alimbek1000
23.04.2020. 16:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сапар 111 млн доллар кана?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















