super.kg logo

Жалал-Абад ооруканасында 13 күн комада жатып, чарчап калган 2 жашар кыздын окуясы. Өгөй эне 10 жылга эркинен ажыратылды

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда оор абалда ооруканага түшүп, каза болгон 2 жашар кыздын окуясы боюнча сот чечим чыгарды. Анда кичинекей кыздын апасынын өгөй энеси күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечимди Сузак райондук соту 11-мартта чыгарган.

"Айыпталуучу Т.Н. күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми айыпталуучунун жактоочусу өкүмгө макул болбой, апелляциялык арыз менен Сузак районунун прокуроруна жана Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Бул иш Жалал-Абад облустук сотуна келип түшүп, ишти кароо 6-майга белгиленген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

2019-жылдын 7-май күнү Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөнү белгилүү болгон. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи кылмыш ишин ачкан. Кыздын абалы өтө оор деп бааланып келген. Анын апасы Орусияда иштеп жүргөн. Ал эми кичинекей кызды апасынын өгөй энеси карап жатканы айтылган. Кыздын атасы кыздарына келип кабар албай турганын кыздын апасы айтып чыккан болчу. 20-майда оор абалда жаткан кыз чарчап калган. Ал эми кыздын апасы бул иш боюнча өгөй энесине карата тосмо арыз жазып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.04.2020. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура чечим
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: