super.kg logo

Элчилик: "Орусияда болжол менен 40-50дөй Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталган"

 

Чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиздин арасында коронавирус жуктургандар бар экени айтылып келет. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен буга чейин коронавируска кабылгандар бар экенин ырасташкан. Биз алардын так саны канча экенин билүү үчүн кайрылганыбызда буларга токтолду.

"Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Москва шаарынын саламаттыкты сактоо департаменти менен тыгыз иштешебиз. Биз аталган мекемелерге коронавирус аныкталгандардын арасында канча киши Кыргыз жараны экенин тактоо үчүн расмий түрдө кайрылганбыз. Бирок алардан "Биз жарандыгына карап бөлгөн жокпуз, биз үчүн баары бирдей" деп жооп беришти. Мындан улам бизде так статистика жок.

Бирок болжолдуу статистика бар, ага ылайык, 40-50дөй кыргыздан вирус аныкталган. Айрымдары ооруканаларда дарыланып жатса, айрымдары үйдөн дарыланып жатат. Элчиликтин алдында кыргыз медицина кызматкерлеринен турган ыктыярчылар тобу түзүлгөн. Учурда бул топ тиешелүү кызматтарды көрсөтүп жатат", - деди мекеменин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.04.2020. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ Аллах кыргызымды озун асыра!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: